Координатограф (координата жана ...граф) — картага же жердин планына чекиттерди тик бурчтуу координаталары боюнча тез, так түшүрүүчү аспап. Ал XX абсцисса огунун милдетин аткаруучу сызгыч (бөлүкчөлөрдөн турган) бекитилген С станинадан (тактадан) турат. Ордината огуна дал келүүчү VV сызгычы абсцисса огун бойлой Б каретанын жардамы менен арыбери жылат. Ордината огу боюнча чекит саюучу ийнеси бар кичине карета M кошо жылат. Электрондук автомат Координатаграф эсептөөчү түзүлүш жана башкаруучу пульт экөө мурда даярдалган программа менен негизги чекиттерди, ошондой эле координаттык торлордун сызыктарын чиет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү