Акино Корасон - (25. 1. 1933-жылы туулган, Тарлак провинциясы) - Филиппиндин президенти (1986-92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан биринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуангконун тукумдарынан. Филиппиндин мамлекеттик жана саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932-1983) жубайы. 1986-жылы февраль айында Манил шаарындагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийликке келген. 1987-жылы демократиялык конституция (азыркы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башкаруунун алгачкы жылдары Акино «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» катары белгилүү болгон. Экономиканы модернизациялоо, жакырчылыкка жана коррупцияга каршы күрөшкө багытталган иш-чараларды жүргүзгөн. Башкаруу элитасынын жана оппозициянын ич ара карама-каршылыктарынын күчөшүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжалуу болгон эмгек. Буга карабастан Акино мөөнөтү аяктаганча мамлекетти башкарып, бийликти демократиялык жол менен жады президентке өткөрүп берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү