Коргошун сульфаттары2 жана 4 валенттүү коргошун туздары. К. с. ичинен РbSО4 эң ту-руктуу жана керектүү. Түссүз кристаллдар. Тыгызд. 5,35 г/см3. Жаратылышта англе-зит минералын пайда кылат. Кээ бир кен-дерде РbSО4 кристаллдары моноклиндүү сингония түрүндө кездешет. 1100°С ажыроо менен эрийт. Сууда эң аз эрийт. Күчтүү концент. к-таларда жак-шы эрийт. Сода эритмесинде РЬ карбонатына өтөт. Көмүр жана суутек 300°С РbSО4 РbS калыбына келтирет. Коргошун ацетат же нитрат эритмесине Н2SО4 менен таасир этип, пайда болгон чөк-мөдөн К. с. алынат. К. с. коргошун ө. ж-нын калдыктары. Лак жана сыр (курулуш) технол-сында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү