Кордиерит (француз геологу П. Кордьенин атынан), иолит, дихроит — силикаттар тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы (MgFe)2Al3[AlSi5O18]. Ромб системасында кристаллданат. Өңү бозомук көк, көгүш, кээде түссүз, айнектей жалтырайт. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 7—7,5. С. салмагы 2,53—2,78. Алюминий менен магнийге бай тоо тектердин контакттуу метаморфизм процессине дуушар болушунан келип чыгат. Мөлтүрөгөн түссүз тунук түрү асыл таш катары зергерчиликте колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү