Коро Камиль (16. 7. 1796 - 22. 2. 1875) - француз живописчиси.

  • Академиялык багыттагы пейзажчылардан (1822 - 24) таалим алган.
  • Академиялык салттагы тарыхый пейзаждар («Гомер менен койчулар», 1845, Лувр) менен катар Италия жана Франция жаратылышынын лирикалык образын даана берген картиналардын автору.
  • Алгачкы пейзаждары («Колизейдин көрүнүшү», 1826; «Шартр собору», 1830, Лувр), кээ бир кийинки сүрөттөрү («Дуэлдеги коңгуроо», 1871, Лувр) Коронун байкагычтыгын, так жана пластикалык манерасын, айкын композициялык ой жүгүртүүсүн, колдонгон түстөрүнүн жеткилүү экенин айкындайт.
  • 50 - 60-жылдардагы картиналарында адамдын ички дүйнөсүнө таасир жараткан абал, нерселер булаңгырлыкка батып, күмүштөнгөн көрүнүш жаратылыштын кармалбаган абалын («Чоп ташуу», «Шамал эпкини», Сүрөт өнөр музейи) элестүү берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.