Корреляция (геологияда) - бири бирине жанаша, ошондой эле обочо аймактарда тараган чөкмө жана жанар тоо тектердин геологиялык жашын аныктоо максатында, алардын бирдей жаштагы катмарларын өз ара салыштыруу жана аларды жалпы стратиграфиялык шкаланын бөлүнүштөрүнө байланыштыруу.

Салыштыруу кендердеги бургулоо көзөнөктөрүнүн айрым кесилиштеринен тартып, ири аймактарды, кээде бир нече материктерди камтышы ыктымал. Чакан аймактардагы тоо тек катмарларын бири бири менен салыштыруу жергиликтүү Корреляция, обочо ири аймактар менен бир нече континенттердин тоо тек катмарларын өз ара салыштыруу жалпы Корреляция деп аталат.

Корреляцияда салыштыруу методдорунун бардыгы - маркирлөөчу горизонтторду бөлүү, каротаж маалыматтары, биостратиграфиялык метод, тоо тектердин жашын изотоптор боюнча аныктоо ж. б. колдонулат. Корреляциянын натыйжасында стратиграфиялык схема түзүлүп, сол жагына жалпы стратиграфиялык шкаладагы бөлүнүштөр, оң жагына изилденген аймактагы тоо тек катмарларынын стратиграфиялык схемасы түшүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.