Кочкор-Ата
Кочкор-Ата — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы шаар.
Шаар
Кочкор-Ата
|
ААББТ коду — 41703 215 600 01 0[3].
Калкы ― 18 289 (2023).
Тарыхы
түзөтүүКочкор-Ата шаары "Кыргызмунайгаз" кендерин казып алууга байланыштуу 1952-жылы курула баштаган, алгач «Новостройка» деп аталган. 1953—2003-жылдары шаарча; 2003-жылдын 1-июнунан тарта райондук деңгээлдеги шаар. 2003-жылы Аскар Акаевдин― ― Кыргызстандын мурдагы президентинин катышуусу менен шаар макамы берилген.
Географиясы
түзөтүүШаардын жалпы аянты 485 га[4]. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, Бишкек—Ош автоунаа жолунун боюнда деңиз деңгээлинен 618 м бийиктикте жайгашкан. Ноокен районунун борбору Масы айылынан 13 км батыш тарапта, темир жол бекетинен жана облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 56 км. Өзбекстандын чек арасынан 16 км алыстыкта.
Экономикасы жана инфратүзүмү
түзөтүүШаарга жакын жерден мунайгаз казып алынат, «Кыргызмунайгаз», «Кыргызгеофизика» (мунай-газ кендерин чалгындоо иштерин жүргүзөт). Пластмасса буюмдар, май зоводдору, «Кочкор-Ата» айыл курулуш, «Керамика» (кыш жана башка курулуш материалдарын чыга- рат) акционердик коомдору иштейт. колледж, кесиптик-тех. окуу жайы, 4 орто мектеп, гимназия, маданият үйү, 1000 номерлүү байланыш бөлүмчөсү, оорукана, балдар консультациясы, ден-соолукту калыбына келтирүүчү облустук оорукана, сквер, спорттук комплекс, стадион, чайкана, кафе, ресторан бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Калкы
түзөтүүжылы | 1970 | 1979 | 1989 | 1999 | 2009 | 2017 | 2020 | 2021 | 2023 | |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
адам. | ↗ 11825 | ↗ 12460 | ↗ 16149 | ↘ 16104 | ↗ 14814[5] | ↗ 16200[6]. | ↗ 17177[7] | ↗ 17476 | ↗ 18289[8] |
Булактар
түзөтүү- ↑ Sputnik. Алтынбек Жумаев Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп шайланды. www.sputnik.kg. Текшерилген күнү 7 Апрель 2022.
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
- ↑ Association of towns of Kyrgyz Republic. Kochkor-Ata (орусча). Текшерилген күнү 7 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 2 -май (бугу) 2008.
- ↑ 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаар тибиндеги кыштактарынын калкынын саны, Численность населения Кыргызской Республики на 1 января 2017 года
- ↑ 2020 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.