Кочңар-Баши, Кочкор Башы — Орто Азиядагы орто кылымдарга (болжол менен 10—12-кылымдар) таандык шаар. Кочңар-Баши тууралуу алгачкы маалыматтар Абу Саид Гардизинин 1050—52-жылдары фарсы тилинде жазылган «Зайн ал-ах-бар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») чыгармасында кезигет. Анда Мавераннахрды алгач каратып алган Караханиддер династиясынан чыккан Буура хан Харун Мусанын, Баласагундан Кашкарга кайтып баратып, 992-ж. Кочкор-Башыда өлгөндүгү айтылат. Андан кийин М. Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөз жыйнагында» («Диван лугат ит-түрк») Сизиң-Көл Кочкор-Башынын жанында жайгашкандыгы, Кочкор-Башы өзүнчө бир шаардын аталышы экендигин жана Кочкор-Башы менен Баласагундун ортосундагы Занби-Арт ашуусун эскерет. В. Минорский «Кочкар-Баши» деп окууну сунуштап, ал шаарды Чүй өрөөнүнүн баш жагындагы токуз огуздардын областына жайгаштырган жана ал Ситиң-Көлдөн (Созуң-Көлдөн) алыс эместигин белгилеген. Борбордук Тянь-Шанда археологиялык казууларды жүргүзгөн А. Н. Бернштам «Кажангар-Баши» деп окуп, аны Нарын дарыясынын сол куймасы болгон Алабуга суусунун жээгине (Шырдакбек чеби) жайгаштырган. В. В. Бартольд Занби-Артты азыркы Шамшы ашуусу менен салыштырып, Чүй суусунун жогорку агымындагы Кочкор өрөөнүндөгү орто кылымга тиешелүү шаардын урандысы (Кум-Дөбө айылындагы Төрткүл шаарчасы) деп божомолдогон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү