Насыя картасы

Кредит картасы‎»‎ барагынан багытталды)

Кредит картасы ― электрондук негизде эсеп жүргүзүү үчүн насыя уюмдарда (банк ж.б.) ээсинин атайын эсебин тастыктаган пластик картасынын түрү. Насыя картасы ээсине тейлөө кызматтарын жана товарларды чекене соода түйүнүндө накталай эмес төлөм аркылуу алуу укугун тартуулайт. Картанын электрондук маалыматты алып жүрүшүнө карата магниттик (магнит сызыгы менен), чип же акылдуу карталары деп бөлүнөт. Магниттик пластикалык насыя картасында эсепте канча акча каражаты каралганы жөнүндө маалымат болбойт, болгону гана сатып алынуучу товарга же көрсөтүлгөн тейлөө кызматынын акысын жабуу үчүн кайсы банкка кайрылуу керек экендиги жөнүндөгү маалымат болот. Бул карта менен иш алып барганда кардардын төлөм мүмкүнчүлүгүн билүү үчүн процессинг борборуна же банкка кайрылуу зарыл. Акылдуу карталар маалыматты өзүнүн кичинекей процессорду элестеткен чибинде жана эсепте канча акча каражаты каралганы жөнүндө жашыруун маалыматты модулдарда сактайт. Бул карталар менен иш алып барганда банктар ж. б. насыя уюмдары менен байланышуунун кажети жок, болгону гана электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен тийиштүү сумманы картадан алып салуу керек. Ошондой эле револьвердик, аралаш насыя картасы кездешет[1].

Булактар түзөтүү

  1. Кантип туура пайдаланууга кредиттик картка?. Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 28 -октябрь (тогуздун айы) 2021.