Кремль – байыркы орус шаарларынын мунаралары бар чеп дубалдар менен курчалган борбордук бөлүгү; коргонуу, сарай жана чиркөө курулмаларынын комплекси. Орус жылнаамаларында 1331-жылдан белгилүү («Кремник»). Кремль 14-кылымга чейин «детинец», 16–17-кылымдарда «город», «град» деп аталган. Кремль көбүнчө дөңсөөгө, дарыя же көл жээгине салынган. Мунараларынын саны, алардын ортосундагы аралыктар жердин рельефине жана согушта коргонууга ыңгайлуулугуна байланыштуу болгон. Адегенде дубалы жыгачтан жана топурактан, 11-кылымдан таштан, кыштан кыналып, көп учурда айланасы суу толтурулган аң менен курчалган. Биринчи Кремль Новгороддо (1044), кийин Эски Ладогада (1116), Псковдо (13-кылым), Москва, Тула, Коломна, Астрахань ж. б. шаарларында (16–17-кылым) курулган. Кремлде негизинен падыша сарайы, боярлар жана чиркөө төбөлдөрүнүн үйлөрү жайгашып, коргонуу, ошондой эле парад өткөрүү милдетин аткарган. 18-кылымдын 2-жарымы – 19-кылымдын 1-чейрегинен согуштук-стратегиялык маанисин жоготуп, административдик борбор жана тарыхый көркөм ансамбль катары шаар комплексине кирип, Москва, Тула, Псков, Смоленск, Новгород ж. б. шаарларында сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү