Кремнийлүү тектер, силициттер – курамы кремнезём минералдарынан турган чөкмө тектердин тобу. Көбүнчө 50%тен ашык же бүт бойдон опал, халцедон, кварц минералдарынан турат. Ушуга жараша опалдуу, халцедондуу, кварцтуу же аралаш түрлөргө бөлүнөт. Түзүлүшү микрокристаллдуу, өтө майда бүртүктүү. Жаратылышта катмарларды же желвак түрүндөгү түзүлүштү пайда кылат. Пайда болушу боюнча хемогендүү (жеспилит, кремнийлүү туф), органогендүү (диатомит, радиолярит, спонголит) түрлөрдөн турат. Криптогендүү (опока, трепел ж. б.) түрлөрү да кездешет. Көпчүлүгүнүн пайда болушунда (яшма, гейзерит) жанартоо чөкмөлөрү негизги ролду ойнойт. Халцедондуу, кварцтуу түрлөрү опалдуу тектердин кристаллдануусунан келип чыгат. Бор мезгилинен кийин пайда болгондору опалдан, юра менен триастагылар халцедондон жана кварцтан, палеозойго чейинкилери кварцтан турат. Кремнийлүү тектер кендердин катарына кирет. Опалдуу тектер, кристобиолиттер (диатомит, трепел, опока) портландцементке гидравликалык кошунду катары, термоизоляцияда, курулуш иштеринде, нефть, тамак-аш, химия өнөр-жайында кеңири колдонулат. Кварцтуу, халцедондуу түрлөрү курулуш ишинде, отко чыдамдуу ж. б. кооз материалдарды даярдоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү