Кристалл торчосу – атомдор, иондор жана молекулалар белгилүү ирээтте үч координаттык багыт (x, y, z) боюнча жайгашып, мезгилдүү түрдө кайталанып турган (түз же кыйгач бурчтуу параллелепипед түрүндө) кристалл мейкиндигиндеги бөлүкчө. Ушуга ылайык кристаллдар атомдук, иондук жана молекулалык болуп бөлүнөт. Атомдук кристаллдар туруктуу, эң катуу жа эрүү температурасы жогору болот (алмаз, кремний, металл карбиддери ж. б.). Иондук кристаллдарга оксиддер, ар түрдүү туздар, щелочтор өңдүү курамдары иондордон (катион, анион) турган заттар кирет. Металлдык кристаллдардын атомдору арасында жеңил кыймылга келе турган электрондор жайгашкандыктан, электр тогун жакшы өткөрүүчү заттар. Молекулалык кристаллдардын түйүндөрүн негизинен молекулалар ээлеп, алардын ортосунда ван күчтөрү (начар байланыш) аракеттенет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү