Кристалл химиясы – кристалл абалындагы заттардын атомдорунун мейкиндикте жайгашуусу жана алардын өз ара химиялык байланыш өзгөчөлүктөрүү жөнүндөгү илим. Кристалл химиясынын негизги милдети – кристаллдардын физикалык-химиялык касиеттерин изилдөө, курамдарын классификациялоо, алардын мезгилдик система менен байланышын аныктоо. Бул багыттагы маалыматтар негизинен физикалык ыкмалар аркылуу алынат. Аларга рентгенструктуралык анализ, электронография, нейтронография ж. б. кирет. Кристаллдар ар түрдүү жана өтө көп. Бир эле зат шартка жараша (температура, басым) курамында өз ара окшоштугу жок (мисалы, ар түрдүү сингонияларда), касиеттери боюнча таптакыр карама-каршы болушу мүмкүндүк Мисалы, кристаллдык абалдагы көмүртектин бир түрү – алмаз дүйнөдөгү электр тогун өткөрбөй турган эң катуу зат болсо, анын экинчи кристаллдык түрү – графит – электр тогун жакшы өткөргөн жумшак заттардын бири. Бул өңдүү кубулуш полиморфизм кубулушу катары белгилүү. Тескерисинче, көптөгөн заттар ар түрдүү химиялык курамда болгонуна карабастан, окшош курамда кристаллданышат. Бул кубулуш изоморфизм кубулушу деп аталат. Изоморфизм кубулушунун негизинде кристаллдар көптөгөн жаңы касиеттерге ээ болот. Мисалы, «катуу эритмелер». Алардын өзгөчөлүгү химиялык курамдары ар башка болгонуна карабастан, ысытып эритүүдө аралашкан заттар бир гана фазадан турат. Мисалы, ZnC03 мененMgC03 NCl мененKCl ж. б. Катуу эритмелерге алып келген изоморфизм кубулушу металлдардын, куймалардын арасында өтө көп таралган. Алар «чектүү» же «чексиз» болуп бөлүнөт. Чексиз катуу эритмелерге Со-Ni, Pd-Ag, Ag-Аu, Ni-Cu ж. б. системаларын кароого болот. Катуу эритмелердин компоненттери бир нече элементтерден турушу мүмкүн/

Колдонулган адабияттар түзөтүү