Крымчактар - негизинен Крым жарым аралында жашаган түрк тилдүү этнос. Тилдердин генеалогиялык жиктешүүсүндө кыпчак бутагында сүйлөшөт. 19-к. аягына чейин крымчактар өз тилин «чагатай тили» деп аташканы маалым. Крымчактардын жалпы саны 1,5 миң чамалуу. Өз эне тилин улуу муундун өкүлдөрү гана билишет. 19-к. 90-ж. Симферопол жана Карасу- Базарда башталгыч мектептер ачылган. Арамей алфавитин колдонушкан. Андан соң латын, 1936-ж. кириллицага өтүшкөн. Арамей алфавитин колдонуу байыркы еврей тилинен дубаларды которуу зарылдыгынан улам келип чыккан. Крымчактар иудаизм динин тутунушат. Этностук калыптануусунда кыпчак элементтери басымдуулук кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү