Куймалар — эки же андан көп металлды, о. эле металл менен металл эмести бирге балкытып эритүүдөн алынган суюк же катуу система. К. адам баласына байыркы доордо эле белгилүү болуп (болот, коло, латун жана башка) көп колдонулган. К. ил. изилдөө иштери 19-к. башталган. К. компоненттери санына (эки, үч, жана көп компоненттүү), фазасына (бир фазалуу, көп фазалуу), негизги металлдарга (темир, алюминий, жез, цирконий жана башка) мүнөздүү касиеттерине жараша ысыкка чыдамдуу, бекем, катуу, оңой эрий турган, коррозияга туруктуу, антифракциялык, о. эле өзгөчө жылуулук, электрдик, магниттик касиеттерге ээ К. болуп бөлүнөт. К. заттар балкытып эритүүдөн, металл-керамикалык ыкма менен бууланган затты конденсациялоо, эритмелерди электрдик чөктүрүп, бир затты экинчи зат менен каныктыруу жана башка ыкмалар менен алынат. Эритинди куйма алуу үчүн берилген зат эрүү темп-расынан жогорку темп-рага чейин ысытылып, кошунду менен аралаштырылат; суюк эритинди бул темп-рада бир тектүү болгонго чейин кармалып, андан кийин муздатылат. Жогорку темп-рада эрүүчү компоненттер (W, Мо жана башка) турган жана кесүүдө басым аркылуу жана башка кыйындык менен иштетилүүчү заттан куйма алуу үчүн металл керамикалык ыкма колдонулат. Радиотехникада колдонулуучу өтө жука плёнка түрүндөгү куйма металл буусун конденсациялоо аркылуу алынат. Металл К. физ. касиеттери б-ча структуралык сезгичтүү, структуралык сезгичтиги жок болуп бөлүнөт. Биринчиси куйма курамына, металлдын кристаллдык абалынын өлчөмүнө, формасына, алардын өз ара жайгашуусуна, о. эле куймаларда болуучу түрдүү дефектилерине (вакансия, дислокация жана башка) көз каранды. Экинчиси куйма курамына көз каранды. Бирок сезгичтиги жок, тыгыздыгы, серпилгич модулу, эрүү темп-расы, нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү жана башка кирет. Таза элементтерге караганда металл К. бардык касиеттери жагынан сапаты жогору келет. Курамын жана структурасын өзгөртүү менен азыркы мезгилде талапка ылайыктуу металл К. алуу ө. ж-да кеңири өнүгүүдө. К. ар кандай ыкмалар менен иштетүүдөн бекемдиги, катуулугу, ийилгичтүүлүгү ар түрдүү болгон буюмдарды даярдоого болот. Буюмдарды даярдоо куюу, куюп иштетүү, чаптоо, кесүү жана калыптоо менен ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттарОңдоо