Кулаккайчы (калмакча — ууру). Сагымбай Орозбаков вариантында Манастын Орго кан менен болгон согушу жөнүндөгү баянда Оргонун дөөтайы Калтаңдын кыргыздарга карата айтканында эскерилет:

Анда Калтаң кеп айтат,

Камыкпа каным деп айтат.

Кулаккайчы буруттур,

Көбөйүп кетти дейсизби

Көк теңир аны уруптур (Сагымбай Орозбаков, 2. 77),— деп кыргыздарга душманы кемсинткен түрдө айтат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4