Абдил-Aхат Курбанов (1955) – кыргыздын заманбап журналисти, түпкү теги – Тажикстандын Жерге-Тал районунан. Учурда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук «Элдик Трибуна - Народная Трибуна» гезитинин редокторунун орун басары кызматында иштейт.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

1955-жылы ал кездеги Тажик ССРинин Гарм облусунун Жерге-Тал районундагы Жаңы-Шаар кыштагында багбандын үй-бүлөсүндө туулган.

1972-жылы Жерге-Тал районунун Кашка-Терек айылындагы Бакир Жумаев атындагы (мурдагы Гоголь ат.) №5-кыргыз орто мектебин бүтүргөн.

Ал 1986-жылы Бишкек шаарындагы (мурдагы Фрунзедеги) Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Экинчи билими боюнча саясат таануучу, Минскидеги саясат таануу жаана социалдык башкаруу институту.

Иштеген кызматтары түзөтүү

Жерге-Тал райондук "Коммунист" газетасынын редакциясында корректор-котормочу, адабий кызматкер, айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчы жана редактордун орун басары кызматтарында иштеген. Бул гезиттин биринчи саны 1934-жылдын 7-ноябрь күнү кыргыз тилинде “Ленин жолу” деген аталышта жарык көргөн. Аталган гезиттин аты 1961-жылы “Коммунист”, 1991-жылы “Кара-Тегин”, 2013-жылы “Паёми Жергатол” (“Жерге-Тал кабарлары”) деп өзгөргөн. Тажикстан КП Жерге-Тал райондук комитетинин инструктору.

1983-жылы СССР Журналисттер Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1986-жылы Тажикстан Журналисттер Союзунун 5-съездинде республиканын Журналисттер Союзунун башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган.

1992-жылдан Тажикстан Журналисттер Союзунун мүчөсү.

1999-жылдан Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсү.

1996-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келген.

Учурда Кыргызстандагы Чүй облусунун Сокулук шаарчасында «Элдик тирубуна - Народная Трибуна» гезитинин редакторунун орун басары кызматында иштейт.

Чыгармачылык дүйнөсү түзөтүү

М.Турсунзаденин “Ширинжаным”, “Азиянын авазы” поэмаларын, тажик жазуучулары Ф.Мухаммадиев, П.Толис, Б.Гани, А.Самадов ж.б. сыяктуу жазуучулардын аңгеме-повесттерин, фарсы-тажик адабиятынын классиктери О.Хайёмдун, Саадинин, Хафиздин, Хилолинин, Жаминин ж.б. бир катар акындарынын рубаилерин, китъаларын, ырларын кыргыз тилине которгон.

“Өрүк көчөтү”, “Эне керээзи”, “Асан-Үсөн”, “Пахтачы келин жана паксачы жигит”, “Махам”, “Бала”, “Тоолор баарын билет” ж.б.у.с. сыяктуу аңгемелери, “Жердешиң болом, садагасы”, “Говорят закон чыгыптыр”, "Чуу куйрук өлгөн күнү" аттуу ж.б. сатиралык аңгемелери, бир катар тарыхый-этнографиялык очерктери, макалалары жана ырлары басма сөз беттеринен жарык көргөн.

“Эр Манасты ак бешикке бөлөгөн Саадини да ошол эне төрөгөн” аттуу поэмасы менен “Молдо Исхак казы баяны” аттуу документалдуу повести, Кара-Тегин кыргыздарынын оозунан жазып алынган “Токтожан”, “Гожомжаш”, “Кыз Мактым”, “Аксаткын менен Кулмырза” ж.б. дастандары, көптөгөн элдик, ашыглык, санат-насыят ырлары, өлөңдөр, кошоктор, макал-лакаптар, табышмактар, масалдар менен тимсалдар басууга даярдап коюлган.

Тажикстандык кыргыздардын этнографиясына, элдик оозеки чыгармачылыгына жана тарыхына байланыштуу басма сөз беттеринен бир катар макалалары жарык көргөн.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

1984-жылы Тажикстан Журналисттер Союзунун, Тажик ССР басма сөз, полиграфия жана китеп соодасы министрлигинин Ардак грамоталары, 1985-жылы ВЛКСМ БКнын Ардак грамотасы, 1994-жылы Тажик Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2014-жылы Эл аралык ТҮРКСОЙ, Түрк элдеринин “Евразия” жазуучулар биримдиги “Жаңы Ала-Тоо” журналы менен бирдикте өткөрүп, Түркиянын премьер-министри каржылап жылдын мыкты аңгемеси үчүн жарыяланган Махмуд Кашгари атындагы “Арча” адабий сынагына “Анар” деп аталган аңгемеси менен катышып экинчи орунду ээлеп, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Аялы - Курбанова Махфиза Кудратовна, 1957-жылы туулган, Баатыр-эне. Кесиби боюнча ашпозчу.

Абдулвохид, Айсалкын, Толгонай, Манасбек, Каныбек, Жаныбек, Чолпонай, Бакытбек жана Нурланбек аттуу тогуз уул-кыздын атасы, 21 небереси бар.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Автордун жазганы боюнча
  • . - ISBN .
  • – ISBN .

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү