Башбаракты ачуу

Курманбек эпосу – кыргыздын баатырдык эпосторунун бири. Негизги темасы – ата журтту коргоо, башкы идеясы – уруу, эл биримдигин сактоо ошондой эпостогу окуялар жуңгар дооруна туура келет. Батыш Моңголияда пайда болгон Жуңгар мамлекетинин (14-кылымдагы) Орто Азиянын көп жерин басып алып, катуу сурак жүргүзгөн. 16–18-кылымдарда кыргыз эли да ойрот жунгар баскынчыларына каршы күрөшүп, аларды сүрүп чыгып, эл жерди эзүүдөн бошоткон. Эпосту адеп изилдегендердин бири – Г. Самарин. Дастандын баш каарманы Курманбек чыныгы баатыр, эл коргоочу. 16га келгенде 40 жигити менен калмактардан өч алыш үчүн жөнөйт.

Курманбек баатырдын кулк-мүнөзү анын Канышайга үйлөнүшү менен тереңдей баштайт. Курманбек патриархалдык феодалдык үйлөнүү салтын четке кагып, өз сүйгөнүн издеп чыгат. Курманбектин образын анын жары Канышайдын образы толуктап турат. Канышай – баатырдын чыныгы жолдошу, ишенимдүү жубайы. «Курманбек» дастанындагы маанилүү кейипкерлердин бири – Аккан. Баатыр аталып даңкы чыкпаса да, эл багып, эл биримдигин сактап келген адам, адамкерчиликтүү жолдош, мээримдүү дос. Мунусу Курманбек жараланган эпизоддон даана көрүнөт. Карасанатайлык менен кара өзгөйлүк дастанда Курманбектин атасы Тейитбек хандын образында берилет. Уулунун калмакка жасаган чабуулуна каршы турат, кысталыш учурда Телтору атты бербей кастык кылат. Кара өзгөй Тейитбек эпостун аягында өз жазасын алат. «Курманбек.» эпосу боюнча А. Токомбаев аңгеме (1924), К. Жантөшев «Курманбек» аттуу пьеса жазган (1942). «Курманбек» дастаны каракалпак калкында да бар. Курманбекти тарыхый инсан катары караган изилдөөлөр да кездешет. 2002-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленип, Жалал-Абад шаарынын кире беришинде «Курманбек» – кылымдар мурасы» аталган эстелик комплекс (салтанаттуу дарбаза) курулган.

Колдонулган адабиятОңдоо

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.