Кутманалиев Эшим (1938-ж. т., Талас району, Кең-Арал айылы) — спортчу (эркин күрөш боюнча), СССР спортунун чебери (1961), Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1994), эмгек сиңирген машыктыруучусу (1978).
1961-ж. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн.
1961—63-ж. Кыргызстан айыл чарба институтунун дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, 1963—64-ж. Кыргыз спорт комитетинде мамлекеттик машыктыруучу, 1964—87-ж. «Алга» спорт коомунун борбордук советинин бөлүм башчысы, төраганын орун басары, төрагасы, 1988—91-ж. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиадалык комитетинин төрагасы.
«Ардак Белгаси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.