Касым Кушубеков — жазуучу. Талас районуна караштуу Кум-Арык айылында 1949-жылы 24-майда туулган. 1972-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.

Тарыхы түзөтүү

Касым Кушубеков Талас районуна караштуу Кум-Арык айылында 1949-жылы 24-майда туулган.
1972-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1966-жылы Ленинполь районунун Чалдовар мектеп-интернатында пионер тарбиячы болуп иштөө менен баштаган, 1972-жылдан ошол эле мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим, 1973-жылдан Кыргыз ССРинин мамлекеттик радиосунда редактор, 1974-жылдан «Ленинчил жаш» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, 1980-жылдан КирТАГдын союздук жана чет элдик маалыматтар редакциясынын башкы редактору, 1984-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинде проза бөлүмүнүн башчысы, 1987-жылдан «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы болуп эмгектенген.
1991-жылы жазуучулар курултайында Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган.
1993-жылдан Адабий фондунун директору болуп дайындалган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде басма-редакциялык бөлүмүнүн башчысы.
Биринчи аңгемелер жыйнагы «Өткүн» деген ат менен 1978-жылы басылып чыккан. Кээ бир чыгармалары орус жана украин тилдеринде жарыяланган.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1977-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Өткүн: Новеллалар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 42 6.
  • Тоолорго таң эрте атат: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 182 б.
  • Жомок ушинтип башталат...: Повесттер. – Кыргызстан, 1988. – 204 б.

Орус тилинде түзөтүү

  • Верность: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 29 с.
  • На солнечных склонах: Стихи. – Ф.: Кыргызстан. 1979. – 60 с.
  • Арча: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1980. – 96 с.

Колдонулган адабияттар түзөтүү