Кыдыралиев Бейшенакун (20.1.1937- ж. т., Нарын району, Эмгекчил айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (1995).
1957-ж. Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1965-ж. КМУнун экономика факультетин бүткөн.
1957-жылдан мугалим, 1965-67-ж. Нарын шаарындагы эмгек түзөтүү лагеринде, 1968-71-ж. Тянь-Шань ремонт курулуш башкармасында бөлүм башчы, 1971-77-ж. Кыргызстан КП Нарын обкомунда инструктор, облустук керек-жарак союзунун төрагасынын орун басары, облустук элдик контролдоо комитетинин инспектору, Нарын соода уюмунун директорунун орун басары.
1977—93-ж. облустук статистика башкармасынын акиминин орун басары, эсептөө борборунун директору, Нарын шаардык статистика комитетинин төрагасы, облустук статистика комитетинин төрагасынын орун басары, 1993-жылдан облустук статистика комитетинин төрагасы. Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.