Кызылордо (шаар)

Кызыл-Ордо, Казакстан‎»‎ барагынан багытталды)

Кызыл-Ордо (мурда Ак Мечит, Петровск) — Казакстан Республикасындагы шаар (1938-жылдан). Кызыл-Ордо облусунун административдик борбору. Сыр-Дарыянын оң жээгинде жайгашкан. Калкы 18б миң (2009). темир жол тоому. Аэропорту бар.

Кызыл-Ордо.

Мечиттер (Айтбай, Ак-Мечит), чиркөөлөр (андан ичкери Кудай Эне) жана башка сакталган. Тамак-аш (балык, нан, сүт заводдору, эт комбинаты), целлюлоза-картон, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, бут кийим, тигүү жана трикотаж, эмерек жасоочу ф-калары, ошондой эле бир нече АК иштейт. Кийинки жылдары шаардын архрасы жаңырып, аквапарк, мейманканалар (төрт жылдыздуу отелдер) жана башка салынды.

Кызыл-Ордону 1817-ж. Кокон хандыгы чеп катары негиздеген. 1925-29-ж. Казак Республикасынын борбору болгон. Шаарда 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектеп, 5 коллеж, 3 кесиптик-техникалык окуу жайы, университеттер (андан ичкери Кызыл-Ордо мамлекеттик), «Сейхун» академиясы, китепканалар, архив, драма театры, филармония бар. Шаардын четинде нефть, газ кендери (Түштүк-Тугай бассейни) казылып алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү