Кызыл-Туу (Сокулук району)
(«Кызыл-Туу, Сокулук району» барагынан багытталды)
Кызыл-Туу — Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл аймагынын борбору. Жыламыш суусунун боюнда, деңиз деңгээли 830 м бийикте жайгашкан.
Айыл | |
Кызыл-Туу | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1930 |
Калкы | |
Калкынын саны |
3977 (2015) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Райондун борбору Сокулук кыштагынан 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 4049 (2009); негизинен багбанчылыкта эмгектенет, мал багат. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, ФАП, бала бакча, мадабият үйү, дүр-дүйнө дүкөнү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социялдык Эмгектери Баатыры Б. Кулов туулган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9