Кызыл-Өзгөрүш (кырг. Кызыл-Өзгөрүш) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Кызыл-Өзгөрүш айыл округунун борбору. Коңур-Өгүз суусунун оң өйүзүндө, Кара-Кыр, Туулук, Коңур-Өгүз тоолорунун этегинде, деңиз деңгээли 1720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 85 км түштүкчыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 147 км. Кыштак 1926-ж. негизделген.

Кызыл-Өзгөрүш
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1926

Бийиктиктиги

1720

Калкы
Калкынын саны

2 262 [1] (2023)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Калкы түзөтүү

Калкы - 2 262 (2023-жылы)[1] киши, негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит бар. Оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, соода түйүндөрү иштейт.

Булактар түзөтүү