Кызылбаштар

Кызыл баштар‎»‎ барагынан багытталды)

Кызыл баштар - (шииттердин 12 имамынын урматына 12 тилкелүү кызыл тебетей кийгендер дегенден чыккан сөз) — Кичи Азия менен Азербайжандагы көчмөн түрк урууларынын бирикмеси. Кызыл баштар Сефевиддер династиясынын башкы аскер таянычы болуп, алардын шайыктарынын башчылыгы менен Грузия, Трапезунд империясына жана башка коңшу өлкөлөргө кол салышкан. Кызыл баштар Исмаил Сефевинин жетекчилиги менен 16-кылымдын башында Ак-Койлуу мамлекетин талкалап, Исмаилди шах көтөрүп (1502), Сефевиддер мамлекетин негиздешкен. Кызыл баштардын ак сөөктөрү бул мамлекетти 16-кылымдын аягына чейин бийлеген. 16-кылымдын аягында шах Аббас I туруктуу армия түзгөндөн кийин Кызыл баштардын жана алардын кошуундарынын саясий мааниси аябай төмөндөгөн. 16-17-кылымдагы расмий орус документтеринде Сефевиддер мамлекетинин букараларынын баары Кызыл баштар деп аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү