Кызыл бөрү жатыш — коллаген ооруларынын бири. Анын оорулуунун жалпы абалына анча таасир тийгизбеген өнөкөт тери оорусу (диск сымал Кызыл бөрү жатыш) жана жалпы (системалык) түрү бар.

Кызыл бөрү жатыш

Диск сымал кызыл бөрү жатыш түзөтүү

Диск сымал кызыл бөрү жатышта теринин кээ бир жери кызарып, агыш-бозомук түрпүчөлөр менен капталып, акырындык менен чоңоюп, кийинчерээк алардын ортосундагы тери жукарып, тырык атрофиясы пайда болот. Көбүнчө беттин териси, чачтын арасы, кулак жабыркайт. Кызыл бөрү жатыш симметрия менен көпөлөккө окшош болуп мурундун үстүнөн бетке тарайт. Бул оору көп жыл бою созулуп, жаз, жай айларында күчөйт.

Системалык кызыл бөрү жатыш түзөтүү

Жалпы кызыл бөрү жатыш тигил же бул көпчүлүк орган жана системалардын жабыркашы менен мүнөздөлөт. Ал кан тамыр жана туташтырма тканды системалуу түрдө бузат. Ооруга күнгө күйүү, үшүү, антибиотиктер жана башка дарылар, кош бойлуулук жана башка түрткү берет.
Оорулуулардын муундары жабыркап, кез-кезде же дайыма ооруп, шишип, кызарат. Ал патологиялык процесс муун, тарамыштарга да тарайт. Териге түрдүү кызыл чыгып, бетинде мүнөздүү «көпөлөк белгиси» байкалат. Көпчүлүк оорулуулардын чачы түшүп, териси кургап, тырмактары сынат. Ошондой эле жүрөк, өпкө, бөйрөк. көздү жана нерв системасын жабыркатат. Кээде ичеги-карын, лимфа системасынын иши бузулат.

Симптомдор түзөтүү

Оорулуу ар качан температуранын негизсиз көтөрүлүшүнө, алсыздыкка, баш оорусуна, булчуңдагы оорусуна, бат чарчоого заарданат. Кээ бир бейтаптардын системалык кызыл волчанка менен ооруганда перикардит, миокардит жана эндокардит оорулары байкалат. Эндокардит системалык кызыл бөрү жатыш менен ооруганда жугушсуз мүнөздө болот. Системалык кызыл бөрү жатыш менен ооругандардын атеросклероз оорусу, оорубаган кишиникине караганда күчөйт. [1]

Дарылоо түзөтүү

Кызыл бөрү жатыштын катуу кармаган, анча катуу эмес, өнөкөт түрү болот. Дарылоодо безгекке каршы дарылардын ичинен сезгенүүгө каршы таасир берүүчү синтез жолу менен алынган препараттар, гормондордон — кортикостероид препараттары, витаминдер, сыйпоого — май дарылары жана башка колдонулат. Алдын алууда оорулуу врач терапевт же ревматологдун диспансерлик кароосунан өтүп туруу керек. Ошондой эле ооруну күчөтпөс үчүн эмгек менен эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу жана башка зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер түзөтүү

  1. Системная красная волчанка