«Кызыл жарыктар» (англ. Red Lights , орус. Красные огни) - 2012-жылы жарык көргөн испан-америка драмасы. Сценарийдин автору жана режиссёру Родриго Кортес. Башкы ролдорду ойногондор Киллиан Мөрфи, Сигурни Уивер, Роберт Де Ниро, Тоби Жонс, Элизабет Олсен, Жоэли Ричардсон жана Леонардо Сбараля. Тасмада адаттан тыш кубулуштарды төгүнгө чыгарууга адистешкен физик (Мөрфи) менен университетте психологиядан сабак берген мугалимдин (Уивер) окуясы баяндалат. Алар белгилүү физиктин (Де Ниро) беделин түшүрүү үчүн аракет кылып көрүшөт. Физикти эң көп сындап жүргөн сынчысы 30 жыл мурун сырдуу өлүмгө дуушар болгон болот.

Кызыл жарыктар
Режиссеру Родриго Кортес
Продюсер
  • Родриго Кортес
  • Эйдриан Герра
Жазуучу Родриго Кортес
Оператору Хименес Шави
Тартылгандар
Музыкасы Виктор Рейес
Редактору Родриго Кортес
Жайылтуучу Millennium Entertainment
Чыккан жылы
  • январь 20, 2012 (2012-01-20) (Сандэнс)
  • март 2, 2012 (2012-03-02) (Испания)
  • июнь 15, 2012 (2012-06-15) (Улуу Британия)
  • июль 13, 2012 (2012-07-13) (АКШ)
Узактыгы 113 мин.
Өлкөсү
Тили Англис
Бюджети €14,000,000[1]
Киреше $13,551,174[2]

Тасманын премьерасы Сандэнс кинофестивалында 2012-жылдын январында болуп өтүп, ошол эле жылдын 13-июлунда АКШда чектелген түрдө кинотеатрларда коюлган.

Тасманын тартылышы түзөтүү

Кинотасма тартуу иштери Испания менен Канадада болгон. Испаниянын Барселона шаарынын ар кайсы он жеринде[6] жана дагы бир апта тартуу иштери Канаданын Торонто шаарындагы Роял Йорк мейманканасында жүргөн. Канаданын Гамилтон жергесине жакын жайгашкан Жеймс Стрит Норсто да көпчүлүк кадрлар тартылып алынган. Тасма тартуу жараяны 2011-жылдын февралында башталып, ошул эле жылдын апрелинде аяктаган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. http://www.imdb.com/title/tt1748179/business
  2. http://boxofficemojo.com/movies/?id=redlights2012.htm