Аталышы Кызыл капчыгайы
[[File:|thumb|center|200px]]
Жалпы маалымат
Жайгашкан жери Нарын областы
Узундугу 6 км
Терең жери 3 км
Деңиз денгээлинен бийиктиги 2800 м

Кызыл, Капчыгай — Борбор Теңир-Тоодо. Кайыңды кырка тоосунун түштүк-батыш капталы аркылуу аккан Көйкап суусунун алабында. Узундугу 6 км, таманы кууш (2–3 м), деңиз деңгээлинен 1900–2800 м бийиктикте жатат. Капчыгай башталышында [Кайыңды]] кырка тоосун эки тармакка бөлүп, бирөө түндүк батышка карай 4539 мден 3400 мге чейин жапыздап , байыркы түздүккө өтөт; экинчиси Карарча аталып , түндүктү карай 4381 мден 3608 мге чейин жапыздайт. Төрү кенен (10 км). Андан төмөн таманы кууш, рельефи татаал. Капталдары жалама зоо. Девондун кызыл түстүү акиташ теги , кум, сланец , диабаз, порфирит; ортоңку палеозойдун серпентинит, перидотит ж. б. тектеринен туруп, тектон. жаракалар менен тилмеленген. Капчыгай аркылуу аккан суунун узундугу 12 км. Өсүмдүктөргө жарды. Капчыгай аркылуу Көйкап өрөөнүнө ат менен өтчү эң татаал жол бар. Башка жол жок болгондуктан Көйкап өрөөнүнө барчу адамдар ошол гана жол менен барышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү