Кыргызстандагы «Ачык Өкмөт» демилгеси

«Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү (Open Government Partnership, OGP)[1] – улуттук жана субулуттук өкмөттөрдүн жарандардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, өкмөттөрдүн ачыктыгын илгерилетүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкарууну күчөтүү үчүн жаңы технологияларды пайдалануу боюнча милдеттенмелерин жүзөгө ашырууга багытталган көп тараптуу демилге болуп саналат.  

Кыргыз Республикасынын OGP демилгесине кошулуусу түзөтүү

2017-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасы «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнүн 75-катышуучу өлкөсү болуп калды. Кыргызстандын бул эл аралык демилгеге кошулушу өлкө тарабынан ачык жана демократиялык коомду куруу жолунда көрүлгөн аракеттердин логикалык уландысы болуп саналат. 2010-жылы бүткүл элдик референдумдун натыйжасында жаңы Конституция кабыл алынып, ал башкаруунун парламенттик-президенттик формасын бекиткен. Дүйнөлүк коомчулук тарабынан демократиялык деп таанылган 2010 жана 2015-жылдарда парламенттик шайлоолордун өткөрүлүшү, 2017-жылдагы Борбор Азияда биринчи жолу болуп жаткан президенттик бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү прецеденти өлкөдө демократиялык институттарды, саясый атаандаштыкты өнүктүрүү жана коомдук стабилдүүлүккө жетишүү үчүн мыкты негизди түздү.

«Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнө катышуу менен, Кыргызстан мамлекетти кыйла натыйжалуу жана жарандардын муктаждыктарына жооп бере тургандай кылуу үчүн өзүнө ачыктыкка, отчеттуулукка, жарандарды башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу процесстерине, коррупция менен күрөшүүгө, ошондой эле жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга тартуу боюнча милдеттенмелерди кабыл алды.

OGP процесси, жалпысынан, мамлекеттик башкаруу маданияты жарандык коом уюмдары менен биргелешип реформаларды иштеп чыгуу, аларды биргелешип аткаруу, аларга биргелешип мониторинг кылуу жана баалоо жаатында кызматташууга багытталып өзгөрүшүнө алып келет.

Өлкөнүн OGP процессине катышуусу жарандык коом уюмдарына OGP демилгесине мүчө болгон башка өлкөлөрдөн квалификациялуу эл аралык экспертизаны ишке тартууга, ошондой эле билим жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.  Ошондой эле бул өлкөгө мамлекеттердин ачыктыгы жана отчет берип туруусу жаатында иш алпарган Open Contracting Partnership, the Infrastructure Transparency Initiative (CoST), сыяктуу эл аралык уюмдардын көңүлү бурулушун шарттап, алар жарандык коомдун уюмдары жана мамлекеттик органдар менен долбоордук колдоо аркылуу кызматташа башташат.

OGP демилгесине мүчө болгон өлкөлөрдүн жарандык коом уюмдары 2019-жылдан тартып каржылоонун кошумча булагына жетүү[2] мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, анткени OGP Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планына[3] киргизилген реформаларды каржылоо үчүн өнөктөштөрдүн жардамы менен Trust Fund түзгөн. Мындан тышкары, OGP өзүнө мүчө болгон өлкөлөргө алардын суроо-талабына ылайык өнүгүү боюнча башка өнөктөштөрдөн ресурстарды тартып келүүгө көмөктөшөт, ошондой эле башка түрдөгү колдоолорду да көрсөтөт.[4]

Ачык Өкмөт Улуттук Форуму жана башка диалог аянтчалары түзөтүү

Ачык Өкмөт Улуттук Форуму (АӨУФ) – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) жарандык коомдун институттары менен Кыргыз Республикасынын Ачык Өкмөтүн калыптандыруу жаатында чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен ишмердиги боюнча туруктуу иш алпарган консультативдик-кеңешүүчү орган болуп саналат.

Туруктуу иш алпарган диалог механизми болуу менен АӨУФ өз ишмердигинде мамлекеттик органдардын, ЖӨБО жана жарандык коомдун иш-аракеттерин бириктирип, диалогду камсыздоо жолу менен ачык-айрым жана отчет берип туруучу мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун тутумун калыптандырууга көмөктөшөт.[5] Мында АӨУФ өз ишинде Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын (УИП) маселелери менен гана чектелбейт, ал ошондой эле аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин ишмердиги ачык-айкын жана отчеттуу болушун жогорулатуу боюнча алардын кароосуна тийиштүү сунуштар менен сунуштамаларды киргизе алат. Андан тышкары, АӨУФ жарандык коомдун уюмдарынын УИПти аткаруу жана башка кызыкдар тараптарды УИПти жүзөгө ашырууга тартуу боюнча альтернативдүү отчетторун карап чыгууга ынтызар болууга тийиш.  

Бул механизм чечим кабыл алуу процесстерине жарандык коомдун катышуусун андан ары да кеңейтүүгө негиз салып, мамлекеттик органдарда тематикалык диалог топторун же секторлорун[6] түзүү аркылуу ишин кеңейте алды, бул УИПти ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын ведомстволук иш-аракеттер пландарына киргизилген иш-чаралардан айкын көрүнөт.

Иш жүзүндө жарандык коомдун мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүсү биргелешип реформаларды иштеп чыгууга катышуу менен гана чектелбейт. Ал УИПке камтылган бир катар иш-чараларды биргелешип жүзөгө ашыруудан да көрүнөт. Бул болсо жарандык коомдун уюмдарына өз долбоорлору аркылуу өздөрүнүн бенефициарларынын кызыкчылыгында акыркы жыйынтыктарды (ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору, маалыматтык тутумдар) тыкыр иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

  1. https://www.opengovpartnership.org/about/
  2. http://ogp.el.kg/ru/news/vsemirnym-bankom-i-ego-partnerami-sozdan-fond-v-razmere-12-mln-doll-ssha-dlya-okazaniya
  3. https://www.opengovpartnership.org/ogp-multi-donor-trust-fund/
  4. https://www.opengovpartnership.org/ogp-support-to-countries-and-locals/
  5. http://ogp.el.kg/ru/normativnye-akty
  6. http://ogp.el.kg/ru/news/gsfr-nabiraet-predstaviteley-nko-dlya-vklyucheniya-v-rabochuyu-gruppu-po-provedeniyu-ocenki