Кыргызстандагы кар катмарлары

Кыргызстандагы кар катмарлары — Физико-географиялык шарттарынын ар түрдүүлүгүнө жараша Кыргызстандын аймагында кардын калыңдыгы, таралышы, жаткан мөөнөтүнүн узактыгы жана эрип кетүү убагы ар башкача. Батыш, тундүк-батыш жактан соккон аба массасынын жолундагы четки өрөөндөрдө, Фергана өрөөнүндө кардын аз жааганына жана кыштын жумшак болушуна байланыштуу кар жаткан мөөнөт анча узак эмес. Калың кардын катмары тоолорго, өзгөчө Фергана өрөөнүнүн түндүк тарабында жайгашкан тоолорго, Ысык-Көлдүн чыгышына мүнөздүү.

Кыргызстандагы кар.

Талас өрөөнүндө кардын калыңдыгы бийиктикке жана тоо капталдарынын экспозициясына (күнөстүлүгүнө) байланыштуу. Жаткан кардын орточо калыңдыгы батыштан өрөөндүн төрүн карай 4 см ден 16 см ге чейин өсөт.

Ысык-Көл ойдуңунун батыш жагында, Балыкчы шаарынын тегерегинде кар жатпайт, орто ченинде кардын калыңдыгы 3—5 см ге (Чолпон-Ата) жетип, анча узак мөөнөткө жатпайт, ал эми чыгыш жагында болсо кардын калыңдыгы 35—40 см ге жетет, өзгөчө Сан-Таш ашуусу менен Жыргалаң суусунун төрүндө 50—60 см ге жетиши мүмкүн.

Ички Тянь-Шандын өрөөндөрүндө кар аз жаайт, айрым жерлеринде кышы бою жер кара, тоолорунда кардын калыңдыгы улам бийиктеген сайын арта баштайт. Жалпысынан бул аймакта кардын калыңдыгы батыштан чыгышты карай азаят. Мисалы Суусамырда 50 см болсо, Кара-Кужурда 8—10 см.

Эң калың кар катмары Фергана кырка тоосунун бийик зонасында байкалат. Калыңдыгы 150 см ге чейин жетет. Туруктуу кар катмары Кыргыз Ала-Тоосунун, Фергана тоо кыркасынын бийик бөлүгүндө жана Алай өрөөнүндө эң эрте пайда болот. Түздүктөрдө жана тоо этектериндеги карлар туруксуз, улам эрип кетип кайра пайда болуп турат. 1500 м бийиктиктен жогору кар катмары туруктуу жана орто эсеп менен ноябрдын экинчи жарымында башталат. Улам чогулган кардын катмары эң калың чегине февралда жетет. Март — апрель айларында эрий баштайт, Бийик тоолордо эрүү процесси майдын аягына чейин барат. Бийиктикке жараша кар жатуу мөөнөтү 50 күндөн 200 күнгө чейин созулат.

Колдонулган адабият түзөтүү

...