Кыргызстан тарыхчылар жамааты

Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты (КТЖ) - пост-советтик Кыргызстандагы тарыхчы окумуштууларды баш коштурган коомдук чыгармачыл уюм.

Ал мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (КЖТЖ) коомдук уюмунун негизинде 1995-жылы күзүндө кайра уюшулган.

1995-жылдан бери уюмду тарыхчы Кыяс Молдокасымов жетектейт.

Анын орун басарларынын бири - археолог Кубатбек Табалдиев.


Уюмдун сүрөөнчүлүгү менен Кыргызстан, Борбордук Азия жана кыргыз улутунун тарыхына арналган бир катар жаңыча жазылган илимий монографиялар жана окуу китептер жарык көргөн, археология жана этнография боюнча илимий сапарлар уюштурулган.