Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи

Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи (совет доорундагы аталышы - Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи; орусча - Государственный исторический музей Киргизской ССР) – Кыргызстандын тарыхына байланыштуу материалдар топтолгон заманбап музей (ажайыпкана). Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан.

Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи 1926-ж. Кыргызстандын Борбордук музейи катары М. В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө (Бишкек, мурдагы Фрунзе шаарында) негизделген.

Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

Анын негизинде 1936-ж. өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн.

1943-ж. кийинки музейдин базасында улуттук маданият музейи м-н Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн.

Улуттук маданият музейи 1954-жылдан "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган.

Кыскача тарыхы түзөтүү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи - Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейде кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон баа жеткис тарыхый жана маданий ыйык эстеликтер аздектелип сакталып турат.


Музей 1925-жылы 9-декабрда негизделген. өзүнүн алгачкы көрүүчүлөрүн 1927-жылы 5-мартта М. В. Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүндө кабыл алган. Ал экспозиция Кыргыз автономиялуу областынын I уюштуруу курултайына арналган.

Өлкөдөгү бул туңгуч тарых музейинин биринчи директору жана анын этнография бөлүмүн негиздеген белгилүү окумуштуу-этнограф С. М. Абрамзон болгон.

Музейдин ысымы өзүнүн өсүп-өнүгүү тарыхында бир нече ирет өзгөргөн:

1925-1933-жылдарда - Кыргызстандын Борбордук музейи;
1933-1943-жылдарда - Мамлекеттик край таануу музейи;
1943-1954-жылдарда - Улуттук маданият музейи;
1954-жылдан баштап - Мамлекеттик тарых музейи.

Музей 1920-1930-жылдары илимий негизде этнографиялык жана табият таануу коллекцияларын жыйнап-топтоо маселесине өзгөчө көңүл бурган.

Тарыхый-археологиялык бөлүмүнүн түзүлүшү ленинграддык окумуштуу-археолог А. Н. Бернштамдын ысымына байланыштуу. Анткени анын жетекчилиги менен 1941-жылы б. з. ч. 2000-жылдардан XX кылымдын башына чейинки кыргыз тарыхынын алгачкы илимий экспозициясы ачылган.

1947-жылы музейдин социалисттик курулуш бөлүмү иштей баштаган. Анын пайдубалы музейдин 1940-1950-жылдардагы кызматкерлери, республикабыздын азыркы белгилүү окумуштуу-тарыхчылары: С. К. Керимбаев, К. ү. үсөнбаев, К. И. Антипина, В. Я. Галицкийлер тарабынан негизделген.

1967-жылы Мамлекеттик тарых музейи архитектор А. П. Зенковдун долбоору боюнча республикабыздын өкмөтү үчүн 1927-жылы курулган имаратка жайгаштырылган.


1973-жылдын 28-декабрында музейдин тарыхында кызыктуу жаңы жана туруктуу экспозиция ачылган.

3500 чарчы/метр аянтты ээлеген 45 залга Кыргыз Республикасынын байыркы палеолит доорунан баштап XX кылымдын 80-жылдарына чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин 10 000 түп нускасы коюлган. Бул экспозиция илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча Борбордук Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы деп табылган.

1991-жылы Мамлекеттик тарых музейине В. И. Ленин атындагы Борбордук музейдин филиалынын жаңы имараты ыйгарылган. Ошентип, музей республикадагы эң ири илимий, маданий жана методикалык борборго айланган.

Азыркы учурда музейдин фондунда музейлик мааниси бар 100 миңге жакын буюм бар, алардын ичинен 48 миңи негизги фонддун эстеликтери болуп эсептелинет.

Археологиялык жана этнографиялык коллекциялар музейдин сыймыгы болуп эсептелинет, алардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүнүн уникалдуулугу менен айырмаланып, илимий баалуулугу менен дүйнөлүк мааниге ээ.

Алардын катарына Саймалуу-Таш капчыгайынын аска таштарындагы сүрөттөрү (б. з. ч. I кылымдын башы - б. з. VIII кылымы); коло дооруна таандык археологиялык казуулардан табылган курал-жарак жана турмуш-тиричилик буюмдары, сактардын "айбанаттар үлгүсүндө" алтын фольгадан атайын жасалган майда кадак-топчулар; Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтындан жасалган кооз көркөм буюмдар; эзелки көчмөндөрдүн үлгүсүндөгү полихром жасалгалары (б. з. I-V кылымдары) ж. б. кирет. Ошондой эле түрк каганаттарынын дооруна (VI-XX кылымдар) таандык болгон байыркы түрктөрдүн таш айкел коллекциялары, Таластын таш рун жазмалары, курал-жарактары, чоподон, айнектен, металлдан жасалган буюмдары, орто кылымдардагы шаардык архитектура, чопо оймолору, полихромдук жазмалар, көп сандаган тыйын табылгалар болуп эсептелет.

Ошондой эле кыргыз элине салт болуп калган сайма, түктүү жана түксүз токулмалар, улуттук кийим-кечелер, улуттук өзгөчөлүгү бар аялдардын жасалгалары жана чеберчилик менен көркөмдөлгөн ат жабдыктары - музейдин сыймыгы.

Совет доорундагы жана азыркы учурдун тарыхы боюнча өзгөчө кызыгуу туудурган материалдар: документтердин, фото-сүрөттөрдүн, буюм булактардын коллекциялары, өнөр жай ишканаларынын продукцияларынын үлгүлөрү, живопись, графика жана архитектура боюнча топтолгон эмгектер, Кыргыз Республикасына чет өлкөлөрдүн берген белектери да бар.


Музейде республиканын атактуу инсандары жөнүндөгү материалдар, алардын өздүк буюмдары, документтери, сыйлыктары, ошондой эле курал-жарак, нумизматика жана бонистика коллекциялары сакталып турат.


Тарых музейинин кызыктуу бай коллекциялары анын бардык экспозицияларынын негизин түзүп, изилдөөчүлөрдүн, окумуштуулардын илимий базасы катары кызмат кылуу менен бирге, илимий жана илимий-популярдуу адабияттарды иллюстрациялоо үчүн да колдонулуп, Москва, Санкт-Петербургдун музейлеринде, Франциядагы, Финляндиядагы, Япониядагы, Түркиядагы көргөзмөлөрдө коюлган.


Агартуудагы милдеттери түзөтүү

Музей Кыргызстандын илимий, маданий жана агартуу борбору болуп эсептелет.

Алдыда Кыргыз Республикасынын эзелки өткөн жана азыркы тарыхынын маанилүү этаптарын толук камтып чагылдырган жаңы экспозицияларды түзүүгө байланышкан өтө орчундуу жана жооптуу милдеттер турат.


Учурда музейде "Кыргызстандын таштагы жазуу эстеликтери", Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгына арналган "Улуу Жеңиш унутулбайт"; "Улуу кыргыз инсаны Исхак Раззаковго 100 жыл", "Байыркы Кыргызстандын алтындары", "Жаңы жылдын оюнчуктарынын тарыхы" деген көргөзмөлөр өзүнүн көрүүчүлөрүн кабыл алууда.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү