Кыргыз Республикасынын мамлекеттик патентик-техникалык китепканасы (МПТК)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик патентик-техникалык китепканасы (МПТК) - 1967-жылы негизделген. Адеп китепкана Кыргыз ССР Мампланынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Илим жана жаңы технологиялар боюнча комитеттин ведомстволоруна караштуу болгон. 1998-жылдан Кыргызпатенттин карамагында. МТПКда өтө маанилүү фонддор: патенттер, ГОСТтор, техникалык шарттар, курулуш норма эрежелери, авторефераттар, диссертациялар, илимий-изилдөө иштери боюнча отчёттор ж. б. сакталат. Китепкана жылына 50 миңден ашуун окурманды тейлеп, алардын колуна 1 млн 500 миңдей документ бере алат. Окурмандардын 80%ин жогорку окуу жайлардын студенттери, профессор-окутуучулар, ойлоп табуучулар, ишкерлер түзөт. МТПК белгилүү даталарга арналган тематикалык көргөзмөлөрдү уюштурат, интернет аркылуу окурмандар дүйнөнүн 60 патенттик ведомстволорунун ресурстарын колдоно алышат. Китепкананын иш-чаралары республикалык басма сөздө, Кыргызпатенттин «Вестник КП: вопросы интеллектуальной собственности», «Интеллект, чыгармачылык, турмуш» журналдарына жарыяланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү