Кыргыз Республикасынын эл артисти

Кыргыз Республикасынын эл артисти — ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин эл артисти. 1939-жылдын 10-январындагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун указы менен бекитилген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен берилет. Ал Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамдарына татыктуу болгон, улуттук элдик жана профессионалдык көп тармактуу искусствонун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон ырчыларга, комузчуларга, композиторлорго, драматургдарга, филармониянын, театрлардын, кино, эстрада, цирк артисттерине, режиссёрлоруна ж. б. берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү