Кыргыз санжырасы – кыргыз элинин түпкү тегин, келип чыгышын, таралышын баяндаган тарых илиминин бир тармагы. Негизинен баштапкы формасында жети атасынын тегин билип жүрүү үчүн оозеки түрүндө бир муундан экинчи муунга айтылып, сакталып жүрүп отурган.

Кыргыз санжырасы өз башталышын мифтик Адам ата, Обо энеге байланыштырып, ирети менен раса, эл жана кээ бир уруулардын таралышын камтыган. Адам атадан Ноо (Нух) пайгамбар, андан Хам, Сам, Жапас (Яфас), Жапастын кийинки тукумунан Түрк, кыргыздар анын уулдарынын бири (кээ бир санжырада 8-мууну) Өгүз (Огуз, Угуз, Ууз) хандан тарайт деп эсептелинет. Анын андан кийинки тукумунун (көбүнчө 20, же андан ашыгыраак) бири Долон бий болгон. Мындай санжыраларды өз эмгегинде Абу-л-Гази Бахадур хан, Рашид ад-Дин, Хондемирлер да кенен пайдаланган. Орто кылымдагы санжыраларда кыргыздардын башка элдер менен байланышы, белгилүү адамдарды тарыхый окуялар аркылуу чагылдырып, аларды изилдеп, жазуу иштери жүргүзүлө баштаган («Мажму ат-таварих», «Тарих-и Рашиди»). Кыргыздардын 20-кылымдан мурунку санжырасында алардын жашаган аймактар негизинен Борбордук Тянь-Шань, Алтай экенин көрүүгө болот. Байыркы кыргыздарга тиешелүү Кыргыз санжырасынын ичинен көрүнүктүү орунду Балыкооздун санжырасы ээлейт. Анын негизги басымы тарыхый окуяларга жасалып, кыргыздардын коңурат, казак, кыпчак, курама, маңгыт, тайчык, жедигер, ногой, кытай, катаган, калча сыяктуу уруулар менен бирге 12 ата өгүз болуп, урааны да «Өгүз» болгон жана Алтайга сүрүлөрдөн мурун Талас, Фергана, Сыр-Дарыянын бойлорун жердеп турган. Анда: «Ай ааламды алган Аланча кан болгондо, 40 сан Крым болгону, кой үстүнө боз торгой жумурткалаганда, аты чуулу Атылакан атын чыгарам дегенде», кыргыздар Жийделүү-Байсынды жайлап, Оторду хан көтөрүп, огуз элин куткарып, Отор шаарын салганы тууралуу айтылган. Дүйнөлүк маанидеги эң чоң «Манас» эпосу да санжыранын негизинде баяндалган. Кийинки орус тилдүү тарыхчылардын (мисалы, В. Бартольд, Ч. Валиханов ж. б.) таасирине байланыштуу сабаты ачылган санжырачыларда Түштүк Сибирь (Енисей) жөнүндө түшүнүк кире баштаган (мисалы, Тоголок Молдо, Талип Молдо, Мухамедалы Кыпчаков ж. б.). Ал эми Бала Айылчы, Үмөт молдо, ж. б. санжыраларында уруулардын таралышынан башка, кыргыздардын кытай, казак, калмактар менен болгон мамилеси баяндалат. Калмак жапырыгы, кыргыздардын Ысар, Көлөпкө кириши, Үчүкө-Түлкү, хан Кудаян тууралуу манасчылар Сагымбай Орозбаков, Шапак Ырысмендеев, изилдөөчүлөр Ы Абдырахманов, О. Сыдыков ж. б. айтып, жазып калышкан. Жуңгар хандыгы жоюлуп, кыргыздардын биригиши, алардын азыркы жерине отурукташып калышы ата-бала А. Акылбеков, Т. Алымбековдордун санжырасында так мааниде, кеңири берилген. Санжыраны илимий багытта кароого аракет кылгандардын бири Үсөйүн ажы болуп эсептелет. Анда кытайлык кыргыздардын санжырасы аркылуу байыркы кыргыз урууларынын тарашы, алардын башка элдер менен байланышы каралган. Совет доорунда Кыргыз санжырасын жыйноодо бир катар иш жүрүп, тарыхчылар (С. Абрамзон, Я. Винников ж. б. ), ышкыбоздор (Ы. Абдырахманов, Н. Бөөмбаев, М. Байгаринов ж. б.) тартипке салып, жыйнакташкан. Аны илимий негизге салыштыруу 20-к-дын 90-жылдарынан башталып, Кыргыз санжырасына арналган бир нече эмгек жарык көргөн. Учурда чогулган Кыргыз санжырасындагы генеологиялык уламыштарды башка жазма маалыматтарга салыштырууда кыргыздардын түпкү тегинин жарымынан көбү жашап өткөн адамдар болгону ырасталат жана ал уруулардын аталышынын дээрлик көбү атасынын атынан калып, өз учурунда алар да улам майда уруктарга тарап келген. Азыркы кыргыз элинин пайда болушу Долон бий жана анын уулдары Ак уул (Агул), Куу уул (Куул) менен байланышкан. Ошондуктан кыргыздар оң канат (Ак уул, оң), сол канатка (Куу уул, сол) жана ичкилик деп аталган өзүнчө чоң топторго бөлүнгөн. Оңго адигине, тагай жана муңгуш кирип, өз учурунда адигине жору, бөрү, баргы, кара багыш, сарттар; тагай сарыбагыш, бугу, солто, тынымсейит, саяк, чекир саяк, жедигер, черик, азык, багыш, моңолдор, баарын сыяктуу уруулардан турат. Муңгуш жагалмай жана кош тамга деген эки топко, алар да кезегинде бир нече майда урукка тарайт. Солго кушчу, саруу, мундуз, жетиген, кытай, басыз, төбөй, чоң багыш; ичкилик найман, тейит, кесек, жоо кесек, каңды, бостон, нойгут, дөөлөс, ават, кээ бир учурда кыдырша урууларынан турат. Булардан тышкары өз алдынча (мис., коңурат) жана кыргыздар менен тектеш эмес уруулар (калмак, сарт-калмак, чала казак ж. б.) да аталат. Кыргыз санжырасындагы кыргыздардын уруулук тобу же алардын урууларга ажыроо, генеологиялык ата-бабасынын аталышынын бир нече варианты бар экенине карабастан, анын жалпы түзүлүшү бирдиктүү, текши берилгенин жана көптөгөн географиялык аталыштардын дал келүүсүн көрүүгө болот. Өзгөчө кыргыздын өткөн тарыхын изилдөөдө санжыранын мааниси чоң. Бирок Кыргыз санжырасы бизге толук түрүндө так жетти деп кесе айтууга болбойт, көбүнчө айтуучу, жазуучулар тигил – бул социалдык, же диний көз караштарына жараша ар кайсы мезгилде өзгөрүүлөргө дуушар болуп, хронологиялык жылдарды эсептөөдөн да жаңылыштык көп кеткен. Өзгөчө Октябрь революциясынан кийин андагы маалыматтарга маани берилбей, оозеки фольклордун бир бөлүгү катары каралып калган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999;
  • Абрамзон С. М. Народные предания как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня. // Этническая история народов Азии. М., 1972.
  • Абуль-Гази хан Родословное древо тюрков. Казань, 1906;
  • Алымбектин санжырасы. Б., 2007;
  • Балыкооздун санжырасы. Б., 2009;
  • Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996;
  • Кыргыз санжырасы. «Ала-Тоо» журналынын редакциясы. Б., 1994;
  • Мухаммед Хайдар Дулати Тарих-и Рашиди. А., 1999;
  • Э. Төрөкан уулу Кыргыздын кыскача санжырасы. Б., 1995. Т.1–2;
  • Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 1–2;
  • Сыдыков О . Тарыхы кыргыз Шадмания:
  • Кыргыз санжырасы. Ф., 1990.