Кыргыз элинин диний маданияты

Кыраатын угуп Курандын,
Керемет күчкө ынандым.
Көрбөсөм дагы сөөлөтүн,
Периште сүрүн туялдым. Тынчтыкбек Нурманбетов

   Энесай эстеликтери кыргыздардын дини теңирчилик менен байланышканын айгинелейт. Демек, кыргыздар байыркы мезгилде эле теңир менен энергиялык-маалыматтык байланыш түзүүнү билип, системалуу дүйнө таанымды жараткан. Ал эми Сужин-Даван эстелиги боюнча кыргыздардын айрым бөлүгү манихеизм динин тутканы да белгилүү. Кыргыздар ислам динин биринчи жолу Караханийлер кагандыгынын тушунда кабыл алган. Бул кагандык 10-кылымдын 2-жарымынан 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагын ээлеп турган. Кагандыктын негиздөөчүсү Сатук Буура хан Абд ал-Керим болгон. Ал 940-ж. Теңиртоолук кыргыздарды ислам динине өткөргөн. Ислам дини 960-ж. Караханийлердин расмий дини катары кабыл алынып, мамлекеттик идеология катары жарыяланган (буга чейин караханийлер теңирчиликке табынган). 

1130-ж. Теңир-Тоодо Каракытайлар мамлекети негизделгенде, алар мусулман калкына диний кысым көрсөткөн эмес, бирок алар бутпарас (буддизм) динин тутунушкан. Алар менен кошо келген тотемдик ишенимдеги чыгыш түрктөрү шаман (бакшылык), теңирчилик, манихеизм, несториан сыяктуу диндерди тутушкан. Бутпарас дининин бир агымы ламаизди туткандар да болгон. Ушул учурда сунизмге таандык жаңы сопулук (суфий) агым да кеңири жайылган.

Албетте мына ушул диний ынанымдардын айрым элементтери биздин ата-бабалардын каада-салттарында ырым- жырым, жөрөлгө, үрп-адат сыяктуу көрүнүштөр менен сакталып калган. Кыргыздар энергиясы күчтүү, азыркыча айтканда аурасы таза, асман менен жерди байланыштырган касиетке ээ жерлерди билип, аларды адамды аруулап, ыйманын тазалоочу ыйык жерге, мазарга айланткан. Андай жерлерге (чоку, булак, күмбөз ж.б.) барып, түнөп кулачын жая тилектерин айтып, сыйынышкан. Көңүлүндө көксөгөн, жетпей жүргөн тилектерин Кудайдан суранышкан. Илгери кыргыздардын дөбөгө отуруп кеп-кеңеш курушканы да бекер эместей. Анткени андай энергиясы күчтүү жерлер акыл- эске оң таасирин тийгизген. Ошентип кыргыз элинин ар бир жердин ээси, колдоочусу бар деп, ал жерге тооп кылып, табынып- сыйынышы, кан чыгарып мал союшу алардын бир нече диний ишенимде болгонун көрсөтөт. Алсак, мазарга чүпөрөк байлап, отко сыйынуу шаманизмдин белгилери болсо, арча менен аластоо, мазар таюу, жүгүнүү бутпарастыктан калган ырымдар, ар бир жандуунун жана жансыздын колдоочусу, пири болот деген түшүнүк тотемизмдин жана анимизмдин белгилери, ал эми мал союп курмандыкка чалып, куран окуу ислам дини.

Кыргыздар оттун тазалоочу күчүнө бекем ишенип, ушул күнгө чейин аластоону колдонуп келишет. Өтө кызартылган темир менен кактап жараларды эмдешкен, кызартылган темирге суу бүркүп учукташкан. От турак-жайды сактоочу ыйык катары эсептелип, жаңы келген келин отко сыйынуу ырымын аткарган. Ширеңке жок мезгилде от менен кошо ырыс-кешик башка үйгө ооп кетет деп сурагандарга от беришкен эмес. Булардын айрымдары азыркы мезгилде да колдонулууда.

Кыргыз элинин тарыхый тагдырындагы эң бир урунтгуу учур - ислам динин кабыл алганы болгон, элдин маданиятына алгылыктуу таасирин тийгизген. Чыгыш элдеринин маданий цивилизациясынын жакындашуусуна шарт түзгөн. Мусулман дининин мифтери да кыргыз мифтерине кыйла жакын. Бүгүнкү күндө ислам динин терең билген аалымдарыбыздын катары өсүп, нагыз мусулманчылык маданиятыбыз өсүп-өнүгүүдө.

Ошондой болсо да азыркы мезгилде жамгырдан кийинки козу карындай жайнап кеткен түрдүү диндердин элди бөлүп- жарууга болгон аракетин түшүнбөй, башка динге өтүп кеткен жарандарыбыз да бар.

Мен бул жерде, кыргыз элинин миңдеген жылдардан берки диний маданиятынан тарыхтан билген маалыматтарым боюнча баяндадым.

Адабият түзөтүү

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.