Кыргыз элинин экологиялык маданияты

Пайданы көздөп тапканы ойлоп адамдын,
Кыртышты бузуп, "өлүу жер " барат көбөйуп.
Чеккени нашаа, ичкени арак арамдын,
Балдары жатат башкача майып төрөлуп.
Суйун Кубатова

Кыргыз эли балдарды жаш кезинен эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого, бак-даракты сындырбоого, жаныбарларды өлтүрбөөгө, сууну булгабоого, ал түгүл көк чөптү үзбөөгө илгертеден эле астейдил тарбиялап келишкен. Байыркы ата-бабаларынын салттуу жолун улап, табияттын сырларын аңцап үйрөнүп, канаттуулардын, айбанат-жаныбарлардын, малдын кылык-жоруктарын мыкты өздөштүрүшкөн. Бизди тоого отунга жумшашса да куураган, сынган бутактарды гана алгыла, өсүп турган арчага тийбегиле дешчү. Тоодон кулап, жолго туруп калган ташты, четке алып коюшчу. Аккан суунун боюна кир жууганга таптакыр тыюу салышчу.

Мергенчиликтин кызыгына батып, жазыксыз кайберендерди ашыкча кыруу акыры эмнеге алып келээрин кыргыздар "Кожожаш" дастаны менен байыртадан эле айтып келген. Бирок азыркы учурдагы илимий-техникалык прогресстин мүмкүнчүлүктү эске албай дүркүрөп өнүгүшү, автомашиналардын эсепсиз көбөйүшү миллиондогон жылдар бою биосферада топтолгон запастарды чектен ашык чыгымдоо адамзат келечеги үчүн кооптуу болуп жүрбөсүн.

Адабият түзөтүү

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.