Крымдын түштүк жээги

Кырымдын түштүк жээги‎»‎ барагынан багытталды)

Крымдын түштүк жээги — Крым жарым аралынын түштүк жээк тилкеси; батышынан Айя тумшугунан чыгышында Карадаг жанар тоо массивине чейин 100 кмден ашык аралыкта созулуп жатат. Туурасы 2–8 км. Түндүгүнөн Яйланын урчуктары менен чектешет. Тоо этегиндеги дөңсөөлүү түздүк басымдуу; тоолуу рельеф локкалиттер (Аюудаг, Кастель) да мүнөздүү. Климаты субтропиктик. Жер ортолук деңиз тибинде. Жыгач-бадалдуу ксерофит өсүмдүктөрүнө жер ортолук деңиз флорасынын түрлөрү да (эмен-арча токою, дайыма жашыл бадалчалар, шибляк жана фригана бадалдары) аралаш өсөт. Крым темир жол маанилүү курорт зонасы (климаттык терапия, деңиз суусуна түшүү мөөнөтү июлдан сентябрга чейин). Климаттык курорттор, курорттуу посёлкалар жана аймактар көп. Алар: Алупка, Алушка, Артек, Гурзуф, Карасан, Кастрополь, Кореиз-Гаспра, Көгүлтүр булуң, Күчүк-Ламбат, Ливания, Массандра, Меласс, Мисхор, Ореанда, Симеиз, Форос, Ялта. Крымдын түштүк жээгинде Мартьян тумшугу, Ялта, Карадаг коруктары, белгилүү. Никита ботаникалык багы бар.

Булактар түзөтүү