Кытай (уруу)

Кытай, уруу‎»‎ барагынан багытталды)

Кытай (куутай) (уруу) - сол канаттагы ири уруулардын бири. Этноним башкырларда - «катай», казактарда - «кытай»,<<куутай>>, «ктай», каракалпактарда - «ктай», өзбек-катагандарда - «хытай», ногойлордо - «кытай» жана башка формаларда өтө кенен ареалга тараган. Бул этностук аталыштын чыгыш теги Борбордук Азиядагы кидан (кара кидандар), түрк элдерине кытай (кара кытай) деген ат менен белгилүү болгон Чыгыш Азиянын (Ыраакы Чыгыш) көчмөн уруулары менен байланышкан. Кидандар кытай жыл баяндарында «Ци-дань» деген транскрипцияда эскерилет. Кара кытайлар (кидандар) монгол тилдеринин бир диалектисинде сүйлөшкөнү маалым. Кидан уруулары 9-к. чейин азыркы Монголиянын түштүк-чыгыш аймактарын мекендешкен. 10-к. кара кидандардын тарыхта Ляо деген ат менен белгилүү болгон мамлекети (907-1125-жж.) түзүлгөн. Ич ара согуштардан улам алсыраган Ляо мамлекетин чжурчжендер талкалап салгандан соң, кидандардын бир кыйла бөлүгү батышты көздөй Караханийлердин ээлигине чегинишкен. Кидандар кыргыздардын чегине жакындаганда катуу каршылыкка кабылгандыктары баяндалат. Кара кидандар Жетисуу жана ага жамаатташ аймактарды ээлеп, караханийлерди баш ийдиргени мусулман булактарында кенен чагылдырылган. Бирок жаңы этностук чөйрөдө орто азиялык түрктөргө «кара кытай» деген ат менен белгилүү болгон кидандар бат эле түрктөшө башташкан. Кара кытайлар дал ушул доорлордо кыргыздардын курамына жуурулушу ыктымал. Кытай уруусунун өкүлдөрү Талас аймагын, Каракулжа, Алабука, Чаткал, Аксы, Ноокен жана башка райондорду жердешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү