Кытандар (лат. Ardeidae) — кунас сымалдар түркүмүндөгү тукум. Салмагы 130дан—2 кгга чейин жетет. Денеси сүйрү, мойну, буту узун. Тумшугу учтуу, узун, уч жагында тишчелери бар. Шыйрагы жүнсүз, канаты кыска, жазы, куйругу кыска,түрдүү түстө (саргыч, күрөң, көгүш, айрымдары ак). 32 уруусу, 66 түрү түндүктөн башка бардык жерлерде таралган. КМШ өлкөлөрүндө 12 уялоочу түрү кездешет. Алар суу боюнда жашап, майда балык, бака, курт-кумурска, айрымдары жумуртка жана балапан жейт. Жай учат. Бакта топтолуп уялайт, 3—7 жумуртка тууйт. Балапандарын кулгуп азыктандырат. Көпчүлүгү азыгын күүгүмдө, түнкүсүн издейт.

Ardea cinerea

Колдонулган адабияттар түзөтүү