Кычышуу - теридеги ооруну кабыл алуучу нерв учтарынын (ооруу рецептору) дүүлүгүүсү менен байланыштуу болгон оору.

Кычышуу.

Кычышуу өзүнүн туруктуулугу жана узакка созулушу менен айырмаланат. Оорулуунун уйкусу качат, жалпы абалы начарлайт, жумушка жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Кычышуу курт-кумурскалар чакканда же жөрмөлөп кеткенде, чалканга чактырып алганда, экзема, нейродермит, кычыткы жана башка менен ооруганда, ичкиликтин, ар кандай азыктардын, дары-дармектердин тийгизген таасиринин (к. Аллергия) негизинде пайда болот. Ичеги-карын, боор, бөйрөк ооруларында, зат алмашуу бузулганда да (диабет, подагра) болушу мүмкүн. Мите курт ооруларында, геморройдо, көтөн чучук сезгенгенде, айрыкча өздүк гигиенаны сактабаганда арткы тешиктин тегереги кычышат; жыныс органынын Кычышуусу аялдарда трихомоноз жана башка сезгенүү ооруларында, климакс мезгилинде; эркектерде уретрит, простатит ооруларында болушу мүмкүн. Кычышуу кечинде жана түнкүсүн адамдын тынчын алып, уктатпайт. Оорулуу тырманганда инфекция кирип, теринин ириңдүү жарасын пайда кылуусу мүмкүн.

Курт кумурска чакканда тери кычышса спирттүү суюктук менен сүрткөн дурус. Кычышуу пайда болгондо анын эмнеден болгонун толук аныктоо үчүн врачка кайрылуу керек. Врач текшергенден кийин, тиешелүү дарылоону сунуш кылат. Өткүр тамак-аштарды, ичкилик ичпөө керек. Ит уйгак жана эмен кабыгынын тундурмасы кошулган ванна (37°, 20-25 мин.) Кычышууну басаңдатат. Эгерде булар жакшы натыйжа бербесе, көл, деңиз сууларына түшүп, аба жана күн ваннасын кабыл алса болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8