Күмүштак тоосуТалас Ала-Тоосунун түндүк тармагы. Бакай-Ата районун аймагында. Күмүштак, Үрмарал сууларынын (Таластын сол куймалары) ортосунда түштүктөн түндүккө карай 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км. Орто бийиктиги 3100 м, эң бийик жери 4251 м. Бийик түштүк бөлүгүнүн кыры тик чокулуу, аскалуу келип, мөңгүлөр кездешет, түндүгү Талас өрөөнүн карай жапыздайт.

Батыш жана чыгыш капталдары тик жана чукул, айрым жерлери капчыгайлуу. Негизинен рифейдин акиташ теги, акиташ чополуу сланец, филлит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Тоодон Карагайлы, Коёндуу, Чийим-Таш, Чоң-Жол, Коңур-Дөбө жана башка суулар башталат. Жарым чөл жана кургак талаа (2700 м бийикке чейин), бадал токой аралашкан шалбаалуу талаа (2700—2900 м), субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү