Күнгөй тооКыргыз Алатоосунун түш. тармагы. Кеңкол ж-а Талас сууларынын аралыгында кеңдик багытында 29 кмге созулуп жатат.

Туурасы 5–6 км. Орт. Бийикт. 1700–1800 м, эң бийик жери 2012 м. Жону тайпак, булактар чыгат; капталдары жантайыңкы. Тоонун негизин палеозойдун башталышында пайда болгон гранит-диорит интрузиялары түзүп, үстүн антропогендин калыңдыгы 200 м келген шагыл, кум, чопо тектери каптап жатат. Кургак талаа ж-а талаа (1400–1500 м бийиктикке чейин), андан жогору бадал аралаш шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Чабынды, ыжайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2