Күрөң балырлар (лат. Phaeophyta) - дээрлик деңиз балырлары. Мындайча аталышы түсүнө байланыштуу. Храмотофорлорунда хлорофилл «а» жана «с» дан тышкары каротин, ксантофилл жана бир катар каратиноиддер, өзгөчө фукоксантиндер болушат.

Macrocystis pyrifera.

Бардык К. б. көп клеткалуу, субстраттарга жабышып жашашат. Бир клеткалуу, колониалуу өкүлдөрү жок. Талломдорунун көлөмү бир нече ммден бир нече мге (20–60 м) жетет. Сырткы көрүнүштөрү боюнча бутактуу кырчын, пластинка, жип, тасма, көпчүлүгү жалбырак - сабактуу жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр элестетет.

Клетканын чел кабыгынын сырткы бөлүгү пектин затынан туруп, ал былжырлуу, ички бөлүгү целлюлозанын катмарын түзөт. Ассимиляциянын азык заты - крахмал болбостон, полисахарид (ламинарин) жана майлар. Булар бир жылдык жана көп жылдык. Өсүшү чоку меристемасы аркылуу (интеркалярдык).

Көбөйүү вегетативдик (талломдордун үзүндүлөрү аркылуу), жыныссыз (зооспоралар, тетраспоралар аркылуу, фукустардан башкасы) жана жынысташуу (изогамиялык, гетерогамиялык, оогамиялык) жолдор менен жүрөт. К. б-га 240 тукум, 1500дөн ашуун түрлөр кирет.

Негизги өкүлдөрү: эктокарпус (Ectocarpus), ламинария (Laminaria), фукус (Fucus), сарагассум (Saragassum) жана башка

Колдонулган адабияттар

түзөтүү