Күң – кожоюндун жеке менчигине айланган аял. Орто Азиядагы көчмөн элдердей эле кыргыз эли да кул ээлөөчүлүк доорду басып өтүшкөн жок. Бирок кулчулук кыргыз коому үчүн чоочун көрүнүш эмес; анын айрым элементтери кыргыз элинин жашоо образынан да кезигет. Күң кожоюндун толук менчиги болгон, аны каалагандай жазалоого, сатууга, ал тургай өлтүрүп коюуга да укугу болгон. Аларды аш тойлордогу ат чабыштарда байгеге сайып жиберген учурлар да кездешкен. Ошондой эле калыңга, сепке же кун төлөөдө кошуп берип да коюшкан. Күң ээси өлүп калса, күң анын балдарына өткөн. Күңдөр кыргыздардын коомдук экономикалык турмушунда чоң роль ойношкон эмес. Күң кайсы байга таандык болсо, ошол байды тууганым деп эсептеген; ошол байдын уруусуна кирген. Көп жылдар бою бир байдын колунда болсо, кээде күңдү турмушка узатып, бир аз оокат да бөлүштүрүп берген.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети"
"Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов" "Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев"