Күү – жыгачтан жасалган челек. Ичине куюлган майлуу сүттөн бишкек менен бышып отуруп, ак май ажыратылып алынган. Ооз жагы кууш келип, узундугу 60–80 см, түбүнүн айланасы 70–80 см, ооз жагыныкы 50–60 см болгон. Бишкеги жумуру таякчадан жасалган; учуна жазылыгы 2–3 см, узундугу 15–18 см жыгач ашталып, кайчылыш бекитилген.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү