"Күүгүм Сага:Тутулуу" (англ.The Twilight Saga: Eclipse, кадыресе Тутулуу аталышы колдонулат) - 2010-ж. жарыкка чыккан, Стефани Майерстин 2007-ж.чыккан "Тутулуу" романынын негизинде тартылган романтикалуу фантазиялык тасма. Күүгүм Сага тасмасынын 2008-ж. "Күүгүм" жана 2009-ж."Ай жаңыруу" аттуу тасмалардын уландысы. Саммит Энтертейнмент 2009-ж. февраль айында тасманын алгачкы көрсөтүүсүн өткөргөн. Режиссеру Дэвид Слейд ал эми тасманын жылдыздары Кристен Стүарт,Роберт Паттинсон жана Тейлор Лотнерлер Белла Свон,Эдвард Каллен жана Джейкоп Блектин ролун аткарышкан. "Күүгүм" жана "Ай жаңыруу"нун сценаристи Мелисса Розенберг кайрадан сценарист катары кайтып келген. Тасманы тартуу 2009-ж. 7-августта Ванкувер тасма студиясында башталып, октябрь айынын аягында аяктаган, чыгарууга даярдык кийинки айда башталган. Брайс Даллас Ховард мурдакы тасмада Рейчел Лефевр аткарган Викториянын ролун ойногон.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү