Көбөгөн Шыгай уулу, Көбөгөн ажы (туулган жылы белгисиз — 1917, Кара-Кужур кыштоосу) — манап, кадимки Калыгул бийдин небереси.

Мусулманча диний билим алган сабаттуу адам болгон жана ажылыкка барып келген. Үркүнге чейин Кочкорго Кара-Коо базарын салдырып, элди соодага тарткан. Осмонаалы Сыдыковдун жазганына Караганда Көбөгөн адилеттүү, ачык сөздүү жана надырбек элин билген адам болгон.

1916-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө катышып, эли менен кошо Кытайга үрккөн. Кытайдан кайтып келе жатканда жолдо каза болгон.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү