Көдөө, ак кылкан – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк уруусу. Көдөөнүн 300дөй түрү белгилүү. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө 60тай, анын ичинде Кыргызстанда 21 түрү өсөт. Машакчасы жалгыз гүлдүү, машак түрпүлөрү ичке, сүйрү, узун кылкандуу; жалбырагы ичке Көдөө кургак, кумдак, боздоң дөңдөрдө өсөт. Көдөө – баалуу тоют, айрыкча эрте жаздагы жаш чөбү малга жагымдуу. Кыргызстанда кеңири таралган түрү – лессинг Көдөөсү. Анын гектарынан 10– 15 ц чөп алынат. 100 кг көк чөбүндө 30,8 тоют бирдиги, 4,3 кг сиңимдүү протеин болот. 100 кг кылкандуу Көдөөдө 29,3 тоют бирдиги, 1,1 кг сиңимдүү протеин бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү