Көкөкулусун – ороним; Тасма (Сухой хребет) жарым аралынын Ысык-Көлгө кирип турган тумшугу.

Жарым аралдын мурдагы аты – Сарыдөбө. Тумшук жапыз аккумуляциялык жээк тибине кирет; көлдүн «төмөнкү» тектиринин учу. Майда тунма кумдардан турат. Көлдүн деңгээлинен 1–1,5 м гана бийик жатат. Көл суусунун таралышына байланыштуу К. тез өзгөрүлмөлүү абалда. Жарым аралдын жээктеринде камыш, жекен, өлөң, жылгын ж. б. өсөт. Аты моңгол-калмак лексикасынын негизинде жаралган: монг. хулс (ан) – «бамбук; камыш», хөх – «көк», калмакча хулсн– «камыш», көк–«көк». Көкөкулусун («көк камыш») эски топонимдердин бири.

Ал «Манас» эпосунда да кезигет. 1856–59-ж. тартылган карталарда Кук-Кулусун, Кукекулусун түрүндө жазылган. Жаңы топографиялык карталарда бул нукура аты өзгөртүлүп, натура формада (Сухой хребет тумшугу) берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2